Ошто 58 жаштагы Гүлсарахан Алиматова дайынсыз болуп изделүүдө
Ош шаарында 58 жаштагы Гүлсарахан Алиматова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-декабрдан 13-декабрга караган түнү саат болжол менен 04:00 чамасында Ош шаарындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Чачы кара түстө, психикалык жактан ооруйт.
Кимде-ким сүрөттөгү аял кишини көрүп-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0559 27-02-98, 0551 62-10-41.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.