super.kg logo

Милиция кызматкери аялына зомбулук көрсөттү деген маалымат боюнча Ош ШИИБи комментарий берди

 

16-декабрда интернет булактарында милиция кызматкери аялына зомбулук көрсөткөнү жана аялынын арызын Ош ШИИБнин Ак-Буура милиция бөлүмү ишти кыскартып койгондугу тууралуу маалымат тараган. Буга байланыштуу Ош шаардык милициясы маалымат таратты.

Алардын айтымында, арыздануучунун күйөөсү Ош шаардык ички иштер башкармалыгында иштебейт.

3-декабрда Ош шаарынын 45 жаштагы Ө.Д. аттуу тургуну үйүндө күйөөсү ургандыгын билдирген. Бул факты Ош ШИИБнин Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталып, текшерүү иштери башталган. Анда келиндин күйөөсү аялы менен сөз талашып, айтыша кеткендиктен түртүп диванга отургузуп койгонун, бирок кол көтөрбөгөнүн айткан.

Аялынын денесинен алган жаракатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ага ылайык, аялы денесинен жеңил жараат алгандыгы аныкталган.

Бул учурда жабырлануучунун күйөөсүнүн аракетинде Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) укук бузуучулук толугу менен жасалган. Ошол эле учурда кылмыштын курамы аныкталбагандыктан, 10-декабрь күнү кылмыш иш козгоодон баш тартылган. Ал эми токтомдун бир нускасы Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесинин негизинде чара көрүү үчүн Ош ШИИБнин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматына жиберилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: