super.kg logo

Кыргызстандын деңизге чыгуусу үчүн Халиф портунан 30 гектардан ашык жер бөлүндү

 

Кыргызстандын деңизге чыгуусу үчүн Халиф портунан 30 гектардан ашык жер бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков БАЭ менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагындагы жолугушуудагы келишимге катышты.

Маалымдалгандай, жолугушууда эмираттык компания Абу-Дабинин эркин экономикалык аймагында логистикалык борборду жана бажы тармагын өнүктүрүү максатында Халиф портунан 30 гектардан ашык жерди Кыргызстанга бөлүп берүү келишимине кол коюлду.

"Ошондой эле Maqta Gateway Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук “Бирдиктүү терезе” түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: