super.kg logo

“Бийиктиги 25 метр, 7 миң оюнчук” . Борбордук аянтта өлкөнүн башкы балатысы жандырылды (фотореп)

 

Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысынын жарыгы бүгүн, 16-декабрда саат 19:15те жандырылды.

Аянтка чогулган шаар тургундары "Ала-Тоо" аянтынын кооздугуна күбө болушту.

Иш-чарага калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров катышып, шаар тургундарын келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу салтанаттын катышуучулары, ушул көз жоосун алган жаңы жылдык балаты 7 миң оюнчук менен кооздолду. Бул жакында эле өлкөбүздүн калкынын саны 7 миллионго жеткенинин символу болуп саналат. Ушул көз ирмемден баштап шаарыбыз жана анын тургундары Жаңы жылдын деми, илеби жана шаңы менен жашай башташат. Шаар боюнча жаңы жылдык балатылар жаркырап, ажайып кооздук чачып, шаардыктардын жана коноктордун маанайын көтөрүп, жүрөктөрүн жылытары шексиз. Жаңы жыл жаңы үмүттөрдүн, тилектердин, өткөнгө көз чаптырып, келечекке умтулган асыл максаттардын майрамы. Элибизде ынтымак, коомубузда биримдик болсун. Балатыны жандыруу баарыңыздардын бактыңыздарды жандырууга жол ачсын”, - деди мэр.

Ошондой эле ал шаардын жыл ичиндеги жетишкендиктерин айтып өттү.

Андан соң иш-чарада кыргыз эстрада ырчылары Жылдыз Тутуева, Динара Акулова, Данияр Эрматов, Жанета, Айар жана башка ырчылар ырларын тартуулашты.

Ал эми шаар тургундары аянттагы жасалгалардын жанында сүрөткө түшүшүп, ар бир композицияны жакшы маанайда кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: