super.kg logo

Жапаров өлкөнүн мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды (фото)

 

Бүгүн, 16-декабрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 70 мыкты студентине президенттик стипендия тапшыруу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды ар дайым колдоп келерин баса белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы адам ресурстарына инвестиция салуу ийгиликтин ачкычы экенин баса белгиледи. Мамлекет таланттуу студенттердин чыгармачылык потенциалын ачууга жана дүйнө жүзү боюнча талап кылынган инновациялык продукттарды жаратууга өбөлгө түзүү аракетинде.

Ал мамлекетибиздин негизги ресурсу - интеллектуалдык көрөңгөсү бай, идеялары оргуштаган демилгелүү жаштар – студенттер экендигине өзгөчө токтолду. Өлкөбүздүн келечеги жаңы ачылыштар, табылгалар, жаратмандык иштерде жаштык демин, курч мүнөздү терең билим алуу менен айкалыштыра алган дал ушул жаштардын колунда.

Президент Садыр Жапаров студенттерге ак жол, тынчтык, ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап, президенттик стипендияларды тапшырды.

Белгилүү болгондой, мыкты студенттерге мактоо баракчасы жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия берилди.

Буга чейин Билим берүү министрлиги 70 студенттин тизмесин жарыялаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: