super.kg logo

Бекжан Темирхандын ата-энеси Бишкектен ак өргөөлүү болушту

 

Маркум ырчы Бекжан Темирхандын ата-энеси Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринен ак өргөөлүү болушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эл артисти Сыймык Бейшекеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бекжандын ата эне бир туугандарына Бишкек шаарына караштуу жаңы конуштан ушул үй буюрган экен. Бүгүн баштапкы төлөмүн бердик, дүйшөмбү күнү толук акчасын берип үйдү атасынын атына каттатып, керектүү кээ бир эмеректерин алып, кышында жагууга көмүр отунун камдап берип көчүрүп киргизебиз. Түлөө берип, Бекжанга куран окутабыз. Толук маалыматты ошондо беребиз. Бардык колдоо кылган мекендештерибизге алкыш айтабыз, айкөл элден айлансак аздык кылат. Баарыңыздарга Бекжандын арбагы ыраазы болсун!", - деп жазган Бейшекеев.

Эске салсак, ушул жылдын 10-ноябрында ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болгон.12-ноябрда ырчынын сөөгү туулуп-өскөн Аксы районунун Беш-Коро айылында жерге берилген.

Ырчынын ата-энесин борбордон үй алып көчүрүп келем деген тилегин аткаруу максатында үй-бүлөсүнө борбор калаадан үй алып берүү үчүн атайын эсеп ачылган.

Ал эми 11-декабрда Сыймык Бейшекеев башында турган кыргыз эстрада жылдыздары биргеликте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эскерүү концертин уюштурушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: