super.kg logo

Тажикстандын кол салуусунда өз ыктыяры менен Баткенге барган дарыгерлер сыйланды

 

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткен облусундагы кесиптештерине жеринде жардам берүүгө алгачкылардан болуп өз ыктыяры менен кол сунган медицина кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 17-декабрда Улуттук госпиталда медицина илимдеринин доктору, кыргыз эл баатыры Миталип Мамытовдун илимий ишмердүүлүгүнө арналган туу көтөрүү аземинин алкагында болуп өттү. Сыйлыктарды саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова тапшырды.

Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери төш белгиси менен сыйлангандар:

Сүйүнбек Ажыбеков – Хирургиялык гастроэнторология жана эндокринология бөлүмүнүн дарыгери;
Иса Дыйканалиев – Медициналык жардамдын сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Назарбек Гапыров — №2 нейрохирургия бөлүмүнүн даыгери;
Руслан Мурадов – Жаак бет хирургия бөлүмүнүн хирург дарыгери;

Гүлсада Сейдибалиева – Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн медайымы.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангандар:
Мээркан Мамытова – №2 нейрохирургия бөлүмүнүн операциялык медайымы;
Кеңешкүл Асаналиева — Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн анестезист медайымы;
Оксана Кабардина — Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн анестезист медайымы;

Гүлжан Мукашова – Торакалдык хирургия бөлүмүнүн палаталык медайымы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: