super.kg logo

Президент кыргызстандыктарды мамлекеттик гимндин 30 жылдыгы менен куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда кыргызстандыктарды өлкөнүн мамлекеттик гимнинин 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Мамлекет башчысы өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондо мамлекетибиздин символикалык белгилерин кабыл алып, келечекке жол алганбызды эске салып, бүгүн ошол ыйык белгилерибиздин бири болгон мамлекеттик гимнибизге 30 жылдын жүзү болуп отурганын белгиледи.

"Бардыгыңыздарды жаңырса жүрөк толкуткан, көкүрөккө кол басып өлкөнүн эгемендигин, азаттыгын ураан кылган Кыргыз мамлекетинин гимнинин 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Ар бир улут өзүнө таандык мүнөзү, тили, маданияты менен өзгөчөлөнөт. Ал эми улуттун мамлекет катары калыптанышы, көз карандысыздыгы – бул элдин эң башкы бакыты, олжосу! Ошол бакытты, ошол жетишкендикти даңазалап, өлкө тагдырынын кечээгисин баяндап, бүгүнкүсүн ырастап, эртеңкисине илгери үмүт менен караткан, атуулдук сезимди ойготкон мурастуу музыкалык-поэтикалык салтанаттуу ырыбыз, ыйык символубуз – бул мамлекеттик гимнибиз!

Өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, асманыбыз ачык, келечегибиз жарык болсун! Түндүгүн күн чайыган кызыл туубуз көк серпип желбиреп, гербибиз мөөр болуп басылып, жүрөк туйлаткан гимнибиз түбөлүк жаңырсын!", - деп жазылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.12.2022. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы гимн декламациядан айырмасы жок, уксаң жүрөгүңө жете турган саптары, касиети жок. Кыргыз жерине алмаштырса жакшы болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: