"Жакшы болсом баламды үйлөнтөм деди эле". Актёр Жолдошбек Жанжигитов курсташын эскерет
Актёр Жолдошбек Жанжигитов маркум Азиз Мурадиллаев менен жакында эле сүйлөшүп, чогуу жакшы тилек кылышканын айтып көзүнө жаш алды.
"Азиз жөнөкөй, борпоң, шаардык жигит болчу. Биз окууну жаңы бүтүп келгенде ал эки театрда иштеп, өзүнүн чыгармачылыгын эмгегин элине тааныта алды.
Кечээ жакында экөөбүз сүйлөшкөндө "буйруса, жакшы болсом, келе жаткан жылы баламды үйлөнтүп, курсташтар силер түштөндүрөсүңөр" деп айтып сүйүнүп сүйлөштүк эле. Айла жок, Азиз, жаткан жериң жайлуу болсун", - деди Жанжигитов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Баатырбек

19.12.2022. 18:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айла жок тура
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.