Чүйдө коюу туманга байланыштуу айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө сак болуу эскертилди
Чүй облусунда коюу туманга байланыштуу айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө өтө этият болуу эскертилет. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.
"Айдоочуларды мектептердин, базарлардын жанында жана эл көп чогулган жерлерде унаалардын ортосундагы аралыкты жана ылдамдыкты чектөөгө чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан сырткары жөө жүргүнчүлөргө жолдун четине чыкпоо сунушталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.