super.kg logo

Бишкек мэриясы кайрымдуулук балаты иш-чарасын өткөрдү (фото)

 

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган кайрымдуулук балатысы өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда өткөрүлдү.

Эмилбек Абдыкадыров кичинекей конокторду куттуктап, ден соолук каалап, ата-энелерине, мугалимдерине ыраазычылык билдирди.

Жаңы жылдык иш-чарага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үй-бүлөлөрү, Чернобыль АЭСинин катышуучуларынын, интернационалист-жоокерлердин балдары жетим жана жарым-жартылай жетим балдар, 11 адистештирилген мектепке чейинки мекемелердин тарбиялануучулары, 20 бейөкмөт уюмдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды. Жалпысынан 1000 бала таттуу белектерге ээ болуп, жаңы жылдык «Сыйкырдуу Тумар» спектаклин да көрүштү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында мэр 17 адистештирилген мекемеге 100 миң сомдук акчалай сертификаттарды тапшырды:

1. №48 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
2. №85 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
3. №104 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
4. №124 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
5. № 122 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
6. №134 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
7. № 117 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
8. № 126 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
9. №174 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
10. № 164 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
11. № 87 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
12. Бишкек шаарынын №30 атайын (жардамчы) мектеби;
13. Бишкек шаарындагы №22 атайын (көмөкчү) мектеп;
14. Бишкек шаарынын №34 атайын (жардамчы) мектеби;
15. «Ай Данек» жашы жете элек балдардын реинтеграция жана интеграция борбору.
16. Балдарды социалдык адаптациялоо борбору
17. Ден соолугунан мүмкүнчулүгү чектелгендер үчүн шаардык борбор

Маалымдама: Шаарда 7180 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үй-бүлөлөрүнөн, Чернобыль АЭСинин катышуучуларынан, интернационалист-жоокерлерден, жетим, жарым жетим, оор турмуштук кырдаалда калган балдар, анын ичинен 3800 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, 18 жашка чейинки социалдык коргоо органдарында каттоодо турат, реабилитациялык борбордо 59 бала жашайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: