Өлкөдө соңку аптада 44 миңден ашуун жаран сасык тумоо оорусунан жабыркаганы аныкталды
Өлкөдө соңку аптада 44 миңден ашуун жаран сасык тумоо оорусунан жабыркаганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча мониторингинин негизинде ушул жылдын 50-аптасына (12.12-18.12.22-жыл) карата КРВИ жана сасык тумоонун 44 миң 106 учуру катталды, анын ичинде сасык тумоонун 142 учуру лабораториялык тастыкталган.
Аталган департаменттин сунуштамаларынын негизинде Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги № 2742/1 буйрук менен бардык түрдөгү жана формадагы жалпы билим берүү мекемелерин 2022-жылдын 15-декабрынан 24-декабрына чейин онлайн окутууга өткөрдү.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы билим берүүчү жатак-мектептер 16-декабрдан 30-декабрга чейин онлайн окутууга өткөрүлгөн.
Сасык тумоонун, грипп сыяктуу оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо зарыл:
— бет кап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;
— респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;
— өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;
— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
— балада КРВИ белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз.
