Кыргызстанда Улуттук банктын атын колдонгон шылуундар көбөйдү
Кыргызстанда Улуттук банктын атын колдонгон шылуундар көбөйдү. Мындан улам өлкөнүн башкы каржы мекемеси жарандарды сак болууга чакырат.
Мекеме акыркы убактарда социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу Улуттук банктын атынан финансылык жардам сунуштап, жалган билдирүүлөрдү тараткан алдамчылар пайда болгонун билдирет. Белгилүү болгондой, алар жарандардан банктык карталарынын номерин киргизүүнү суранышат.
"Эч кандай шартта жеке маалыматты, картанын номерин, анын мөөнөтү качан бүтөрүн, ПИН-коддорду жана кодду тастыктаган билдирүүлөрдү чоочун адамдарга бөлүшпөө керек. Такталбаган шилтемелерди баспагыла, ал жерге өзүңөр тууралуу маалыматты киргизбегиле", - деп айтылат билдирүүдө.
Анткени мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар экени айтылды.
