super.kg logo

Криштиану Роналду Лионель Мессини жеңиши менен куттуктады

 

Белгилүү футболчу Криштиану Роналду аргентиналык футболчу Лионель Мессини жеңиши менен куттуктады. Роналду Мессинин футбол талаасында ойногону бардык атаандаштарын таң калтыра турганын билдирген. Мындай пикирин футболчу Инстаграмдагы баракчасына жайгаштырган.

"Бул жигиттин ойногону бардык атаандаштарын таң калдырат. Бул финалда мен көптөгөн бразилиялыктарды жана дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы адамдар Мессини колдогонун көрдүм. Дүйнө чемпиондугунун жылдызы эле эмес, бүтүндөй бир доордун капитаны болгон генийге татыктуу коштошуу", - деп жазган Роналду.

35 жаштагы Месси эң мыкты оюнчу деп да табылды. Аргентиналык футболчу турнирде 7 беттеш өткөрүп, 7 гол киргизген.

Эске сала кетсек, Катарда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Аргентина командасы жеңишке жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.12.2022. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
))) сонун айтыптыр ээ...*зубастик*деген лакап менен белгилүү болгон бразилиялык футболчу Роналдо айткан болуш керек эле..окшоштуруп ура бересинер ээ Криши айтты деп))) көчүруп жазсаңар туура жазыш давай так маалымат берсеңиздер
20.12.2022. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай сабатсыз журналисттер.Кристина крысанар канча жылдык оноктошу Бенземаны куттуктап койбогон Мессини куттуктайбы? Бразилиялык Роналдо феномен куттуктады Мессини.Кристина депрессия да жатат эч бир клуб катарына кошуп албай пойду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: