Жапаров Чүйдөгү жылуулук менен камсыздаган бир нече ишканага барды (фото)







Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ал «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Орловка шаарындагы от казанынын иши менен таанышты. Ошондой эле Кант жана Токмок шаарларында жаңыдан курулган заманбап от казандарды көрдү.
Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга калкты электр жана жылуулук менен сапаттуу камсыздоо, электр менен камсыздоо тутумундагы авариялык өчүрүүлөр жана бузулууларга ыкчам чара көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.