"130 миң сом айып салынды". Чүйдө 12 браконьер кармалды
Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган 12 браконьер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин маалыматында айтылды.
Кабарлангандай, жаратылышты коргоо мыйзамын бузгандардан аңчылык мылтыктар жана мыйзамсыз атылган канаттуулар алынды.
"Жалпысынан 130 миң сом айып пул салынып жана 35 миң сом доо коюлду. Бардык фактылар боюнча протоколдор түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.