super.kg logo

Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСинин иши менен таанышты (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токтогул гидроэлектр станциясынын жалпы абалы жана иши менен таанышты. Бул тууралуу маалыматты мекемеден билдиришти.

"Учурда Токтогул ГЭСин модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда, анын алкагында ГЭСтин жаңы төртүнчү гидроагрегаты орнотулуп, ал бир нече убакыттан бери тесттик режимде иштеп келген. Азыр агрегат толук түрдө ишке киргизилүүдө", - деген Жапаров.

Ошондой эле ал Каракөл ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышты. Анан наркы болжолдуу түрдө 25 миллион долларды түзөт.

"Гидроэлектр станциянын кубаттуулугу 18 МВт түзөт. Бул объектинин курулушу жана ишке киргизилиши жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө салым кошуп, өлкө жарандарын жана ишканаларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого өбөлгө түзөт. Өз кезегинде мамлекет ГЭСтерди курууга инвестиция салган инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт", - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары Жапаров Талас облусунун Манас районунда жайгашкан «Бала-Саруу» ГЭСиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен да таанышты.

Белгилей кетсек, «Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоорунда жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турган, электр энергиясын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саат саналган объектти куруу каралган. Мында Киров суу сактагычынын плотинасынын механикалык жабдуулары модернизацияланат жана сугат муктаждыктарын суу менен камсыз кылуунун бардык процесстери автоматташтырылат

Буга чейин министрлер кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы чечими менен «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомуна аталган гидроэнергетикалык объектини куруу укугу берилип, 2 миллиард сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүнгөн.

Маалымат үчүн: Токтогул ГЭСи 1975-жылдын 1-январында ишке киргизилген өлкөдөгү эң ири электр станциясы.

Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд м3 түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин төрт агрегаттын ар биринин кубаттуулугу 300 МВт саналган. Натыйжада ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 1200 МВтты түзгөн.

Учурда ишкана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча долбоорду ишке ашырууда. Анда Токтогул ГЭСинин агрегаттарын алмаштыруу каралган. Станцияны модернизациялоо менен анын кубаттуулугу 240 МВт жогорулатылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: