super.kg logo

Борбордо майыптыгы бар жарандарды иш менен камсыз кылган ишкерлер сыйланды

 
Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды иш менен камсыз кылган ишкерлерге сыйлыктар тапшырылды. Бул жөнүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында айтылат.
Эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, өлкөдө 205 миң адам (2022-жыл) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катары каттоодо турат. Быйылкы жылы 565тен ашык майыптыгы бар жаран активдүү чараларга тартылган.
нын ичинен 29 миң адам экономикалык ишмердүүлүк менен алектене алат. Быйыл бекитилген квотага - иш берүүчүлөр 669 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды иш менен камсыз кылышы керек эле. Бирок иш менен камсыз кылуу кызматынын жардамы менен 185 адам ишке орношкон. Ал эми эмгек рыногундагы активдүү иш-чараларга (коомдук акы төлөөнүүчү жумуштар менен кесиптик окутуу) 380 адам тартылган", - деген министр.
Министрликтин “Чексиз” онлайн-сурамжылоосуна 154 иш берүүчү мекемелери активдүү катышып, жыйынтыганда мамлекеттик жана жеке мекемелер арасынан 23 ишкана тандалып биринчиликке чыгышты.
Министрликтин “Чексиз” Жумуш берүүчүлөрдүн биринчилиги” сыйлыгына ээ болгондор:
  • Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү;
  • Кочкор районунун М.Мусулманкулов атындагы Балдар искусство мектеби;
  • Кара-Буура районунун “Нурдин” кафеси;
  • Балыкчы шаарынын “Сладости Муслим” жеке ишканасы;
  • Бишкек шаарынын №1 үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Аксы районунун “Билимкана-Кербен” мектеби жана башкалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: