super.kg logo

Депутаттар Оштогу "Достук" көзөмөл өткөрмө бекетине барышты

 

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасынын “Достук” көзөмөл өткөрмө жайына барышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баштаган депутаттар Искендер Матраимов, Карим Ханджеза, Азамат Исраилов, Алишер Козуев жана Шайлообек Атазов андагы жасалып жаткан иштер менен таанышып, “Достук” өткөрүү бекетинин электрондук өткөрүү пунктунун ишин көрүштү.

"Мамлекеттик бажы кызматы “Электрондук өткөрүү пункту” инновациялык долбоорун пилоттук режимде ишке киргизгени жана жүк ташыган айдоочуларга бир топ ыңгайлуу шарт түзүлгөнү белгиленди. Учурда электрондук түрдө бардык жараянга байкоо жүргүзүүгө шарт бар экени айтылды.

Ал эми депутат Алишер Козуев өткөрмө бекет реконструкцияланганга чейин жана андан кийин унааларды өткөрүүдө кандай айырмачылыктар байкалганына кызыкты. Эл өкүлү Искендер Матраимов электрондук ыкмага өткөнүнө карабай коррупция толугу менен жоюлду дегенге болбой турганын айтып, тыкыр көзөмөлдөөнү сунуштады.

Жеринде белгилүү болгондой, буга чейин чек араны көзөмөлдөө жараяны кол менен жүргүзүлүп келген. Товарларды өткөрүү пунктунан алып өтүү үчүн 4-11 саат талап кылынган. Учурда өткөрмө пункт реконструкцияланып, жарандардын өтүүсү 18 миңден 22 миң адамга чейин көбөйгөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетинин ишмердүүлүгү тууралуу сын-пикирлер айтылып, кийинчерээк оңдоп-түзөө иштери башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.12.2022. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карим Ханджеза дегениңер Кыргызча сүйлөй да албайт жана так жаза да албайт, сөзүмө 100% жооп бере алам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: