super.kg logo

Бишкекте “Көчмөн сыры” эл аралык форуму өтүп жатат (фото)

 

Кыргыз Улуттук тарых музейинде "Көчмөн сыры" эл аралык кол өнөрчүлөр форуму расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов, Азия Тынч океан регион боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти - Азиз Муртазаев, ТҮРКСОЙ уюму, министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы Улуттук комиссиясы, Орто Азия боюнча кол өнөрчүлөрдү колдоо ассоциациясы, КРнын “Кыял” Иш башкармалыгы жана Кол өнөрчүлөр кеңеши катышты.

Форумдун алкагында “Кол өнөрчүлөр мекени” программасынын негизинде Кыргызстандын Ысык-Көл менен Нарын облустарына Ысык-Көл облусу - “Боз үйдүн мекени”, Нарын облусу - “Шырдактын мекени” аттуу макамы тапшырылды.

“Кол өнөрчүлүк тарабында чыккан эң мыкты буюму” программасынын негизинде сынактан өткөн 14 кыргыз чеберлерге сапат белгиси тапшырылды.

Иш-чара кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана концерттик программа менен коштолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: