super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев: "Алтын балалыкта" Сириядан келген балдар дарыланууда"

 

Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунда Сириядан келген балдар дарыланып жатат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Айтымында, жакынкы убакытта 400 бала, 170 аял Сириядан алып келинет.

"Сирияда биздин жарандар Кыргызстанга кетебиз деп күтүп жатышыптыр. Мына бир жылдан бери биздин президент, өкмөт, ТИМдин аракети менен азыркы кезде Сириядан биринчи партиясы, тагыраагы балдар "Алтын балалыкка" келди. Биз аларга реабилитация өткөрүп жатабыз. Алар өздөрүн жакшы сезүүдө.

Жакын арада 400 бала, 170 аял Сириядан алып келинет. Аларды "Алтын балалыкта" реабилитация кылабыз. 3 айдын ичинде борборду кошумча адамдарды реабилитациядан өткөрүү үчүн даярдадык. Биринчиден медкызматкерлерди, экинчиден балдар ойногонго бөлмөлөрдү, үчүнчүдөн жылуулук, кийим-кече, койка, матрастарды даярдап койдук. Сириядан келгендерди кабыл алууга даярбыз", - деп билдирди Бейшеналиев.

Эске сала кетсек, аталган борбор 2022-жылы 1-июнда расмий түрдө ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: