super.kg logo

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу: Абитуриенттерди кабыл алуу графиги

 

Билим берүү жана илим министрлигинин “2022/2023-окуу жылына кышкы кабыл алуунун алкагында абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө” буйругу бекиди.

Ага ылайык, ЖРТнын жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу 4 этап менен өтөт.

Биринчи этап 26-декабрдан 31-декабрга чейин жүрөт.

Талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат. ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 2022-жылдын 29-31-декабры саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.

Экинчи этап 2023-жылдын 9-январынан 11-январына чейин уланат.

Анда талапкерлерди каттоо 9-январда башталып, 11-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 12-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат. ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 12-14-январь саат 16:00.

Үчүнчү этап 2023-жылдын 16-январынан 18-январына чейин болот.

Талапкерлерди каттоо 16-январда башталып, 18-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 19-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат. ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 2023-жылдын 19-21-январы саат 16:00гө чейин тастыкташы зарыл.

Төртүнчү этап 2023-жылдын 23-январынан 28-январына чейин созулат.

Анда талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат. ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 2023-жылдын 26-28-январы саат 16:00гө чейин тастыктоосу абзел.

Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана жүргүзүлөт. Ал үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө 1260 адам катышты. Анын ичинен 893 катышуучу 110 же андан жогору балл топтоду.

Абитуриенттерди кабыл ала турган жогорку окуу жайлардын тизмеси шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: