Үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Чүйдө Каныбек Мамышов изделүүдө
Чүйдө 49 жаштагы Каныбек Мамышов дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ал 14-декабрда саат 7:00 чамасында Пригородное айылында жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 170-172 сантиметр, чачы кара, көзү кара, каратору, психикалык оору менен жабыркайт.
Кийген кийимдери: боз түстөгү күрмө, шымы кара түстө, кышкы бут кийим кийген.
Милиция Каныбек Мамышовдун жүргөн жерин билгендер болсо же кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү номерлерге: 0312 35 36 23, 0554 55-36-36, 0701 801-858 билдирип коюуну суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.