"Ошол жерден талак берип жатышат". Жогорку Кеңеште Сахароводогу маселе кайрадан көтөрүлдү
Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Орусиядагы "Сахарово" миграциялык борборундагы маселени көтөрдү.
"Ал жакта биздин мекендештерибизди мажбурлап медициналык кароодон өткөрүп жатышат. 152 миңдей адам өтүптүр, анын эки миңинен шек саналып, бир жарым миңинен венерикалык оорулар тастыкталыптыр. Биздин элчилик Орусиянын Генералдык прокуратурасына жана Саламаттыкты сактоо тармагындагы мыйзам бузууларды караган росздравнадзорго кайрылыптыр.
Росздравнадзор алгач туура айттыңар деп жатса, азыр "Сахарово" туура эле экен деп жатыптыр. Карга карганын көзүн чукубайт да. Алар "ишенбесеңер Кыргызстандан дарыгерлерди жөнөткүлө" деп жатыптыр. Биздин адистер барып кошо текшеришсинчи, болбосо ошончо адамдан кантип эле ушунчасы ооруп калсын.
Айттым го 60 жаштагы апалардан бери чыгып жатыптыр. Ошо жерден бирине-бири талак берип жатыптыр мен сенден күткөн эмесмин акмак деп. Эми кезекти айтпай эле коёлу", - деди Нуржигит Кадырбеков.
