USAID уюму Бишкек шаарын ыштан тазалоого жардам берет
АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Бишкек шаарын ыштан тазалоого жардам берет. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-декабрда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев USAID`дин администраторунун орун басары Анжали Каур менен жолугушуу өткөргөн.
Анын жүрүшүндө АКШ өкмөтү тарабынан бериле турган жардамдардын баарын Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана Бишкек шаарындагы абаны жакшыртууга буруу зарылдыгы белгиленди.
Маалымдалгандай, өткөн айда АКШ бийлиги Баткен элине бир учак толо баш аягы 8 миллион сомдук гуманитардык жардам жеткирген.
Ошондой эле АКШ өкмөтү жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча атайын долбоор баштап, борбор калаанын абасын тазалоого жарадам берилерин маалымдады.
