super.kg logo

Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлорунун иш графиги узартылды

 

Бишкек шаарында КРВИ жана сасык тумоо боюнча кайрылуулардын өсүшүнөн улам үй-бүлөлүк медицина борборлорунун иштөө нөөмөтү узартылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бардык күндүзгү стационарлары дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми дем алыш күндөрү 08:00дөн 14:00гө чейин эки нөөмөттө иштейт.

Эскерте кетсек, саат 9:00дөн 18:00гө чейин "118" ишеним телефону иштейт. Ал бардык кайрылгандарга амбулатордук консультациялык (анын ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча) жардам көрсөтөт.

Сасык тумоонун, грипп сыяктуу оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо зарыл:

  • бет кап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;
  • респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;
  • өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;
  • санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
  • балада КРВИ белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: