Ош – Бишкек унаа жолунан Ош шаарына баруучу жолдун курулушу башталды (фото)
















Кечээ, 21-декабрда Ош шаарындагы Ош-Бишкек унаа жолунун 660-чакырымынан (“Т-образка”) Привокзальная көчөсүнө чейинки жолду куруу иштери башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Шаар мэри Бакытбек Жетигенов бул жерге барып, Ош шаарында жыл сайын унаалардын көбөйүшүн эске алып, тиешелүү жол кызматтарына Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтү жана ДЭП-21 ишканасы менен биргеликте жолду куруу үчүн даярдык иштерин баштоого көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.
Ош шаарынын башкы планына ылайык, бир катар долбоорлор каралып жатат, анын ичинде Привокзальная көчөсүнөн Увам жана Үч-Кунан каналдары аркылуу “Т” формасындагы жолго чыгуучу жолдун долбоору бар.
Бул долбоордун негизги максаты – шаардын көчөлөрүндөгү, анын ичинде калаанын кире беришиндеги Монуев көчөсүндөгү унаа тыгындарын чечүү.
Демилге Ош шаарынын бекитилген башкы планына ылайык шаарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында иштелип чыгууда.
