super.kg logo

Болотбек Борбиев Чикагонун вице-мэри менен жолугушту

 

АКШнын Чикаго шаарында Башкы консул Болотбек Борбиев менен Чикаго шаарынын экономикалык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча вице-мэри Самир Маекар менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика, инвестиция, туризм жана билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле Чикаго шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

"Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестиция жана туризм тармагындагы бир катар перспективдүү долбоорлорду кароого даяр экендиктерин ырасташты, ошондой эле экономикалык дипломатия чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди улантуу зарылдыгын белгилешти", - деп жазылат маалыматта.

Жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: