super.kg logo

Кадамжайда мигранттардын балдарын тактоо иштери жүрүүдө

 

Кадамжайда милиция кызматкерлери район аймагында үймө-үй кыдырып, жашоочулар менен жолугушууда. Анын максаты аймактагы сырткы жана ички миграцияга кеткен ата-энелерди жана алардын балдарын тактоо.

Баткен ОИИБинен билдиргендей, иш-чара Кадамжай РИИБинин балдар менен иштөө инспекторлору социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүүдө.

"Анда ар бир үйгө кирип мигранттардын балдарын тактап, алардын социалдык абалы жана коопсуздугу боюнча текшерүүлөрдү жүргүздү. Үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу, балдардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча үй ээлерине түшүндүрүү иштерин өткөрдү", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Кадамжай району боюнча сырткы миграцияда жүргөн ата-энелердин саны 2614. Сырткы миграцияга кеткен ата-энелердин балдарынын саны 8098ди түзөт. Быйылкы жылдын 11 ай ичинде мигранттардын балдары тарабынан жасалган кылмыш болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.12.2022. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар тентип журуп эле кырылып жоголмой болдук го, жаш балдар Ата энесин кутуп журуп чоноюп калып атат, тарбияны качан беребиз аларга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: