super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы теле көрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:

“Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кыргыз өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Биздин күндөрдө өлкөнүн коомдук-саясий турмушун, дүйнө жаңылыктарын чагылдырууда телекөрсөтүүнүн жана радионун орду өзгөчө. Күн сайын сиздер эң маанилүү окуялар тууралуу элге кабарлоо менен мекендештерибиздин коомубуздун турмушуна жигердүү катышуусуна шарт түзүп, дүйнө жаңылыктарынан кабардар болууга көмөктөшөсүздөр.

Ар бир көрсөтүү жана уктуруу бүтүндөй жамааттын чыгармачыл эмгеги менен обого чыгат. Сиздердин кесибиңиздер ар бириңиздерден жогорку кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти талап кылат. Биз мындан ары да кыргыз телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери мекендештерибизди биримдикке, өлкө тынчтыгын көздүн карегиндей сактоого үндөгөн, алардын ой-санаасын, үмүт-тилегин жана жигерин жаратман эмгекке, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн албан жетишкендиктерге багыттоого татыктуу салым кошоруна терең ишенебиз.

Сиздерге чың ден-соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм!”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: