super.kg logo

ASMER Medical кыргызстандык дарыгерлерге мээ ооруларын дарылоо боюнча акысыз семинар өткөрдү

 

Паркинсон, эпилепсия жана башка мээ ооруларын дарылоо жолдору боюнча түркиялык нейрохирург Гүлшах Өзтүрк кыргызстандык дарыгерлерге акысыз семинар өткөрдү. Белгилүү түрк дарыгери ASMER Medical медициналык өкүлчүлүгүнүн чакыруусу менен келди.

Окутуунун жүрүшүндө жергиликтүү дарыгерлер ар кандай мээ илдеттерин дарылоонун заманбап усулдары боюнча маалымат алышты. Семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.

ASMER Medical клиникасы уюштурган иш-чара эки күнгө созулду. Анын экинчи күнүндө чет элдик нейрохирург бейтаптарды кабыл алып, консультация берди. Ага эпилепсия (талма), паркинсон жана ар кандай мээ илдеттеринен жабыр тарткан адамдар кайрылып, маалымат алышты.

ASMER Medical компаниясынын директору Асел Курманбекова алардын иш багыттарынын бири өлкөдө операция жасоого мүмкүн болбогон же дарылоо усулдары жогорку деңгээлде өнүгө элек оорулар туурасында жергиликтүү дарыгерлерге атайын адистерди чакырып билимин тереңдетүүчү семинарларды өткөрүү экенин белгилеп, мындай иш-чаралар буга чейин да өткөрүлүп келгенин кошумчалады.

"ASMER Medical 2010-жылдан бери иштеп келет жана Кыргызстанда медициналык туризм боюнча лидер болуп саналат. Медициналык туризм – бул жашаган аймагынан тышкары пландуу медициналык кызмат көрсөтүү, чет өлкөдө жогорку квалификациялуу медициналык жардам алууну эс алуу менен айкалыштыруу. Биздин компания бейтаптарга чет өлкөдөн дарылануусуна көмөктөшөт. Кыргызстандыктар Түркиянын медициналык туризминде азыр лидер болуп саналат, анткени ал жакта дарылоонун сапаты Европаныкынан кем калышпайт жана баасы арзан.

Клиникалар Asmer Medical үчүн көптөгөн тесттер жана процедуралар боюнча олуттуу арзандатууларды жасашат, анткени биз медициналык мекемелердин расмий өкүлдөрүбүз. Биз бейтаптарды клиникаларда коштойбуз, котормочу менен камсыздап, транспорт, мейманкана буюртма кылабыз. Бул кызматтар акысыз. Бейтап оорукананын кызматына гана төлөйт", - деди Курманбекова.

Ошондой эле ал Asmer Medical муктаж бейтаптарга дарылануунун акысын төлөөгө жардам берген фонддордун ар кандай иш-чара, концерттерди уюштуруу иштерине көмөктөшүп, аларга каражат чогултууга жардам берерин белгиледи.

Asmer Medical өкүлчүлүгү менен төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыз болот:

- 0703 689 999 (мобилдик жана WhatsApp);

- социалдык тармактар: Instagram @asmer_medical; Facebook ASMER Medical.

Asmer Medical бейтаптарга чет өлкөдө сапаттуу, коопсуз дарылоону камсыз кылып, дүйнөнүн эң мыкты клиникалары менен иштешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: