super.kg logo

"Бул жылы да өрттөндү". Кара-Көлдө кечээ салтанат менен жандырылган балаты күйүп кетти

 

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн таңда болжол менен саат 5:00 чамасында Кара-Көл шаарынын борборунда бийиктиги 12,5 метрди түзгөн жаңы жылдык балаты өрттөнүп кеткен. Бул балаты кечээ, 22-декабрда кечинде салтанат менен жандырылган болчу. Аны сатып алуу жана жасалгалоо иштери үчүн 700 миң сомго жакын акча каражаты жумшалган.

Буга чейин калаа башчысы Таалайбек Конкобаев балатыга атайылап өрт коюлушу мүмкүн экенин айткан.

Милиция бул факты боюнча иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, былтыр да 31-декабрда жыл жаңырган алгачкы мүнөттөрдө Кара-Көл шаарындагы балаты өрттөнүп кеткен болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: