Өлкөдө азык-түлүктүн бааларын негизсиз жогорулатпоо тапшырмасы коюлду
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында ведомстводон маалымдашты.
Отурумда тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине эң зарыл болгон азык-түлүк товарларына баалардын мониторингин улантуу, зарыл болгон учурда аларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча маселелер каралды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.