super.kg logo

Октябрь РИИБинин камактагы жетекчиси Улан Аалиев акталды

 

Бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Октябрь РИИБинин камактагы жетекчиси Улан Аалиевди актады. Бул тууралуу соттун маалымат кызматына байланышканыбызда билдиришти.

Маалымдалгандай, ал Кылмыш Жаза кодексинин "опузалап пара алуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кыйноо" беренелери боюнча күнөөсүз деп табылып, кылмыштын курамы жок болбогондугуна байланыштуу акталган.

"Мындан тышкары Кылмыш Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (2017-жылдын 2-февралындагы редакциясы) менен күнөөлүү деп табылып жана VI категориядагы, башкача айтканда 300 миң сом айып салынды.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин У.К.Аалиевдин бөгөт коюу чарасы, жашаган жеринен башка жакка кетпөө кол кат алынып, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алынып салынат", - деп билдиришти соттон.

Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте даттанууга же сунуш келтирүүгө укуктуу.

Эске салсак, Октябрь РИИБинин башчысы Аалиев Аскер прокуратурасы тарабынан 2021-жылы пара талап кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысына шектелип кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: