"Күтө берип көзүм тешилди". Бишкекте 60 жаштагы Зарылбек Жумабаев изделүүдө
Бишкекте 60 жаштагы Зарылбек Жумабаев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу карындашы Чынара Жумаева билдирди.
Анын айтымында, Жумабаев 4 ай мурун Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
"Жанында документтери (паспорту) жок. Агамды көрүнгөн жерден издеп, күтө берип көзүм тешилди", - дейт Жумаева.
Белгилери: бою 178 сантиметр, арык чырай, оң көзүнүн үстүндө тагы бар.
Кийген кийимдери: жайкы кийим кийип кеткен.
Зарылбек Жумабаевдин жүргөн жерин билгендер же кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү номурга 0505008302 байланышып коюуну жакындары суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.