super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Тургун "Кызыл-Кыя суу каналы" көйгөйүн чечип бергенин билдирди

 

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө буга чейин Кызыл-Кыя шаарынын тургуну кайрылган. Жергиликтүү тургун кайрылуусунда бир айдан бери үйүнөн таза суу чыкпай жатканын айтып, шаардык суу канал ишканасынын ишине нааразы болгон.

"Биздин көчөгө таза суу үчүн түтүктөр жаңыланып, бирок менин үйүмө кеткен түтүк жакшы коюлбай калган. Буга байланыштуу суу жолго агып, үйдөгү крандан суу чыкпай жатат. Бир айдан бери ар кимдин үйүнөн суу ташып кыйналдым.

Мектепте окуган үч балам бар. Суудан карызыбыз жок, билдирме бергенбиз. "Кызыл-Кыя шаардык суу канал" ишканасына 3-4 жолу кайрылдык. Бирок эч эле келбей коюшту. Кыштын күнү жер тоңуп калса, мен жазга чейин суусуз отурушума туура келет. Ушул көйгөйдү чечип берүүңүздөрдү суранам", - деген окурман.

Окурман бүгүн, 25-декабрда порталыбызга кайрылып, көйгөйү чечилгенин айтты. Ошол эле учурда ыраазычылык дагы билдирип өттү.

"Кечээ, 24-декабрда "Кызыл-Кыя суу канал" ишканасынан келип суу түтүктөрүн оңдоп кетишти. Үйдөн суу чыгып калды. Ыраазычылык билдирем", - деди тургун.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: