Жапаров Айдаркен-Кадамжай жолунун курулуш иштери менен таанышты




Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Айдаркен-Кадамжай унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында бүгүн, 25-декабрда өлкө башчынын маалымат кызматынан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Кадамжай-Айдаркен-Чечме автожолу Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 127-179-чакырымында жайгашкан. Жолдун жалпы узундугу 54 чакырым, анын 48 чакырымына асфальт-бетон менен төшөлгөн. Азыркы учурда иштер 90 пайызга бүткөрүлдү.
Аталган жол 50 жыл мурун курулуп, анда буга чейин чуңкурларды оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн.
Ушул жылдын июль айында оңдоо иштери башталган, техника жана жумушчулар жетиштүү. Курулуш иштери техникалык регламенттин талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.
"Жолдун курулушу Айдаркен жана Кадамжай шаарларынын тургундарынын бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө, анын ичинде жол коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Өлкө башчы жолду заманбап талаптарга ылайык сапаттуу куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Садыр Жапаров унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылын камсыз кылуу максатында бул долбоордун бүтүрүлүшүн тездетүүнү тапшырды", - деп билдиришти мекемеден.
