super.kg logo

Садыр Жапаровдун Баткенге болгон иш сапары аяктады (фото)

 

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

24-декабрдагы сапардын алкагында:

Мамлекет башчысы Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай, Капчыгай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарындагы турак жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда Жапаров курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүнүн, үйлөргө ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл шарттардын камсыздалышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле өлкө башчысы жеринде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, анда чек ара маселелерин чечүү чаралары тууралуу айтып, аларды кызыктырган башка суроолорго жооп берди.

Мындан тышкары Жапаров майор Б. Райымбеков атындагы “Капчыгай” жана Баткен районундагы “Достук” чек ара заставаларында болуп, имараттарды көрүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

25-декабрдагы сапардын алкагында:

Садыр Жапаров Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары менен жолугушуп, алар менен аймакты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Мындан башка ал айылдагы ички көчөлөрдүн тротуарлары бар жолдун бөлүгүнө таш төшөлмөсүн куруу боюнча пилоттук долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты.

Ошондой эле мамлекет башчысы Айдаркен-Кадамжай унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышып, жарандардан дайыма арыз түшүп турган Ноокат-Кызыл-Кыя автожолун капиталдык реконструкциялоону баштоону тапшырды.

Мындан тышкары Жапаров Кадамжай сурьма комбинатына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: