super.kg logo

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу. Бүгүн абитуриенттерди каттоо башталат

 

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кышкы кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, ЖРТнын жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу 4 этап менен өтөт.

Биринчи этапта талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00дө аяктайт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат. ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 2022-жылдын 29-31-декабры саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.

Ал эми:

  • Экинчи этап 2023-жылдын 9-январынан 11-январына чейин уланат;
  • Үчүнчү этап 2023-жылдын 16-январынан 18-январына чейин болот;
  • Төртүнчү этап 2023-жылдын 23-январынан 28-январына чейин созулат.

Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана жүргүзүлөт. Ал үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө 1260 адам катышты. Анын ичинен 893 катышуучу 110 же андан жогору балл топтоду.

Абитуриенттерди кабыл ала турган жогорку окуу жайлардын тизмеси шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: