Аймактардагы миңден ашык мектепке компьютердик жабдуулар берилет




Өлкөдө 1200 мектеп жана 8 педагогикалык колледж компьютердик жабдуулар менен камсыздалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Билим берүү мекемелерин компьютер менен камыз кылуу “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ишке ашууда.
"Учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникалар жеткирилип бүттү. Калган мектептерге 2023-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирүү пландалууда", - дешти мекемеден.
Жабдуулардын комплектине 21 персоналдык компьютер, 6 проектор, 2 коммутатор, 1 үзгүлтүксүз электр энергия булагы жана 1 көп функционалдуу принтер (принтер+копир+сканер) кирет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте электр локалдык тармактар жана интернет даярдалды.
