super.kg logo

Бишкекте 2 миңден ашык өрт өчүрүүчү гидрант 2 ГИС тиркемесине киргизилди

 

Бишкек шаары боюнча жалпы 2 миң 125 өрт өчүрүүчү гидрант 2 ГИС тиркемесине киргизилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өрт өчүрүүчү гидранттар 2 ГИС тиркемесине алгач пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында киргизилди. Бул өрт өчүрүү кызматкерлеринин ишин кыйла жеңилдетет.

"Биз муну менен гидранттардын кайсы жерде жайгашкандыгын тез арада табыш үчүн тиркеме аркылуу кирип, кайсы жерде экенин тез аныктай алабыз. Бул өрттү өчүрүүдө убакытты кыйла үнөмдөйт.

Экинчи этапта бул тиркемеге Ош шаары менен Чүй облусу киргизилет", - деди ал.

Маалыматка караганда, өлкөдө жалпы 7 миң 895 өрт өчүрүүчү гидрант бар. Анын 3 миң 607си бузук абалда, 4 миң 288и иштейт. Ал эми Бишкек шаары боюнча жалпы 2 миң 322 өрт өчүрүүчү гидрант бар. Анын 197си бузук абалда болсо, 2 миң 125и ишке жарайт.

Бул өрт өчүрүүчү гидранттар суу түтүктөрүнө түтүк арматуралары менен орнотулуп, өрт өчүрүүчү унааларды суу менен камсыздоого колдонулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: