Ошто мэрдин балатысына 500гө жакын бала катышты



















Бүгүн, 26-декабрда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында калаа башчысынын жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.
Анда мэр Бакытбек Жетигенов калаанын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук жана окууларына ийгиликтерди каалады.
Майрамдык салтанатка 500гө жакын социалдык жактан аялуу жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ар кандай сынактарда, олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучулар катышты.
Саамалыкта “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан жаңы жылдык театралдаштырылган оюн-зоок, майрамдык концерттик программа уюштурулду. Иш-чаранын аягында аларга жаңы жылдык белектер тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.