super.kg logo

Жаза аткаруу кызматынын полковниги Илимбек Самсалиев көз жумду

 

Жаза аткаруу кызматынын полковниги Илимбек Самсалиев мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Ага ылайык, ал катуу оорудан улам көз жумган.

Самасалиев Советтик армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин 1993-жылы ИИМ жана Жаза аткаруу тутумунун органдарында иштеп, №34 жатак абагынын нөөмөтчүсүнөн №47 мекеменин башчысынын режим жана көзөмөл боюнча орун басарына чейин жеткен.

Ал 2007-жылы Бишкек шаарындагы Исках Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн офицер бир нече жолу ведомстволук сыйлыктар, Ардак грамоталар жана медалдар менен сыйланган.

"Оор жоготууга байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз" деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: