super.kg logo

Күйүүчү майдан кантип үнөмдөсө болот? «О!Деньги» менен Bishkek Petroleum МКС тармагынан лайфхак

 

Автоунаа ээлери күйүүчү майдан да оңой эле үнөмдөй алышат. Анткени, эми Bishkek Petroleum МКСларынан «О!Деньги» капчыгы аркылуу QR боюнча төлөгөн учурда, ар бир төлөмдөн 2% кешбэк берилет!

QR боюнча төлөө пайдалуу гана эмес, ыңгайлуу дагы! Онлайн төлөө күйүүчү майды өз алдынча куюп, унаадан алыстабай туруп төлөө мүмкүндүгүн берет. Демек, мындан ары кассага барып, кезекке туруунун же оператордун жардамын күтүүнүн зарылдыгы жок.

QR боюнча кантип төлөсө болот?

  1. Пистолетти бензобакка салып, күйүүчү май куюу үчүн баскычты басыңыз.
  2. «Мой О!» тиркемесин ачып, «О!Деньги» бөлүмүнө кириңиз.
  3. Колонкадагы QR-кодду сканерлеп, керектүү сумманы төлөңүз.
  4. Күйүүчү май куюлуп бүткөнүн күтүп, пистолетти кайра колонкага орнотуп коюңуз.

Сарпталган сумманын 2% өлчөмүндөгү бонустук кешбэк автоматтык түрдө кошулуп берилет. Топтолгон бонустарды ушул эле жерден, күйүүчү май үчүн төлөөгө, же болбосо «О!Деньги» сервисинин бонустук программасынын башка өнөктөштөрүнөн колдонсо болот. Тиркеме төлөмдү ишке ашырууда каражаттардын бир нече булагын тандоо, ошондой эле бонустар менен жалпы сумманы төлөө, ал эми эсепте бонустар жетишсиз болгон учурда сумманын бир бөлүгүн төлөө мүмкүндүгүн да берет. Кешбэк тууралуу кененирээк маалымат dengi.kg сайтында.

Дагы бир жагымдуу бонус – дал ушул учурда Bishkek Petroleum МКС тармагында акция жүрүп жатат. Анын алкагында кыргызстандыктардын батир жана башка баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар! Катышуу үчүн болгону кассадан төлөө жөнүндө чек алуу жетиштүү. Акция тууралуу толук маалымат шилтемеде.

Google Play же App Store’дон «Мой О!» көчүрүп алыңыз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: