Кыргызстанда 500 миң ит документке ээ болот
Кыргызстанда 2014-жылдан баштап ветеринарлар иттер үчүн каттоо карточкаларын даярдоону
баштайт. Муну Айыл чарба министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу
бөлүмү 9-декабрда билдирди. Маалыматка таянсак, иттерге 500 миң карточка
даярдалат. Улуттук статистикалык комитети өлкөдө ушунча колго кармалган ит бар
экенин маалымдайт. Карточка А6 кагазына буклет формасында жасалып, иттердин
өмүрүнүн аягына чейин жарамдуу болот. Ага иттин абалы жөнүндө: дегельминтизация,
кутурмага каршы эмдөөдөн өткөн же өтпөгөнү сыяктуу маалыматтар жазылмакчы.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

