super.kg logo

"Газпром Кыргызстан" 42-жаңы конушту газдаштырды. Бул Лебединовка айылы

 

26-декабрда жаңы жыл алдында Лебединовка айылынын жашоочуларына салтанаттуу түрдө жаратылыш газы берилди. Бул «Газпром Кыргызстан» компаниясы тарабынан газдаштырылган 42-жаңы конуш. Аталган иш-чарага жергиликтүү жашоочулар, Чүй обладминистрациясынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрү катышышты.

Лебединовка айылынын 11 миңден ашык жашоочуларына көгүлтүр от менен колдонуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындан ары эми жашоочулар экологиялык таза отун менен үйлөрүн жылытып, тамак-ашын бышырып, ысык суу менен колдоно алышат. Ал үчүн компания тарабынан 41 чакырымдан ашык газ өлүштүрүүчү тармактары курулуп ишке берилди.

«Жаратылыш газын берүү – бул биз үчүн, райондун жашоочулары үчүн өтө маанилүү жана кубанычтуу кабар. Лебединовка айылын газдаштыруу үчүн 41 чакырым газ өткөргүчтөрү курулду. Үйдү газ менен жылытуу – бул бир гана ыңгайлуу эмес, ошондой эле экологияга жана ден соолукка дагы жагымдуу. Газ өткөрүлгөн райондордо аба таза жана коопсуз. Шаардагы кара түтүн маселесин эске алганда, бул өтө актуалдуу болуп жатат. «Газпром Кыргызстан» компаниясына ушундай масштабдуу долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деди Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов.

Районду газдаштыруу жумуштары Кыргыз Республикасын Газдаштыруу боюнча башкы схемасынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Инвестициялык программасынын алкагында ишке ашырылды. Жарым жыл аралыгында компания тийиштүү курулуш иштерин бүтүрүп, райондун биринчи жашоочулары газ менен жылытуунун ыңгайлуулугун жана сапатын биле алышты.

«Инвестициялык программаны ишке ашыруудагы 6 жыл аралыгында биз республиканын газ тармагына 400 миллион доллардан ашык каражат сарптап, 30-40 жылдан бери иштеп келе жаткан маанилүү объектилерди жаңыладык. Баардык газ чарбачылыгынын коопсуз иштөөсүн камсыздадык жана жакшырттык. 6 жыл аралыгында 1100 чакырым газ бөлүштүрүүчү тармактарын курдук – бул өтө чоң цифра, компания республиканын газ тармагына киргенге чейин 40-50 жылда болгону 2000 чакырымдай эле газ өткөргүчтөрү курулган фактыны эске алганда», - деп билдирди иш-чара учурунда «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун оңдоо жана капиталдык курулуш боюнча орун басары Мурат Сулайманов.

Лебединовка айылынан тыштары жакынкы аралыкта Бишкек шаарындагы «Кырман» жаңы конушу газдаштырылмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: