super.kg logo

Мал уурдагандарды 10 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда

 

Мал уурдагандарды 10 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев көтөрүп чыкты.

Эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексинин 2017-2021-жылдагы редакцияларында "Мал уурдоо" беренеси жок экенин белгилеп, муну оңдоо керектигин айтууда.

Буга байланыштуу тиешелүү кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү коомдук талкууга чыгарылды.

Сунушталган мыйзам долбоорунда мал уурулукка баргандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштерин жүргүзүү каралган.

Мал уурулук ири өлчөмдө жана адамдардын тобу тарабынан, башка бирөөнүн аймагына кирүү менен жасалса, 200-400 миң сомго чейин айып салып, беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндиктен ажыратуу сунушталууда.

Бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катышса, анда мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралууда.

Аз өлчөмдө зыян келтиргендерге 200 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.12.2022. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 жыл камап эмне кылат үй жайын өлкөгө алып, жалаң оор жумуштар да бекер иштетип. Күчүн мал жанын мамлекетке колдонуу керек.
27.12.2022. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй го мейли бир адамдыкы, а мамлекеттин, элдин миллондогон акчаларын уурдагандарга закон барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: