super.kg logo

КМШ мамлекет башчылары Санкт-Петербург шаарындагы Орус музейине барышты

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин жетекчилери менен бирге Санкт-Петербург шаарындагы Орус улуттук көркөм өнөр музейинде болду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Шериктештиктин бейформал саммитине катышуу үчүн орус тараптын чакыруусу менен келген КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилерин музейде Орусиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.

Мамлекет башчылары Карл Брюллов, Иван Айвазовский, Федор Бруни жана академиялык мектептин башка чеберлеринин эмгектери коюлган Орус музейинин Михайловский сарайындагы экспозицияны кыдырып чыгышты.

Сапардын соңунда өлкө лидерлери расмий эмес эртең мененки тамакта аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: