Бишкектеги жол кырсыгынан бир адам жабыр тартты
8-декабрь күнү
Бишкектеги Логвиненко жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Ауди 100 менен Хонда-СRV үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшүп кетип, 27 жаштагы жаран жабыр тартты. Бул
тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Автор: Темирбек Матаев
Маалыматка
караганда жол кырсыгы 2013-жылы 8-декабрда саат 13:30да болгон. Ауди 100 автоунаасында 29 жаштагы Т. Акбар Логвиненко көчөсү менен
түштүк тарапты карай багыт алган. Ал эми Хонда-СRV автоунаасынын айдоочусу,
Түркия Республикасынын 22 жаштагы жараны А. Ю. Осман экени белгилүү болгон. Кырсыктын кесепетинен унаалардын биринин жүргүнчүсү 27 жаштагы Т. Назгүл
жараатка кабылып, улуттук госпиталга жаткырылган.
Учурда жол
кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.