super.kg logo

Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт

 

Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды.

Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Жаңы жылдык концерттик театралдаштырылган программа УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат.

Башталышы – саат 10:55.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: